Адамдын Асыл ойлору. Кадыр Абакиров
Читать онлайн книгу.жоголгон күнү жер үстүндө сени жоктогон
жетимдиктин үнү угулду – ал кошок.
* * *
Поэзия адамдарга өлбөстүктүн шапатасын чачып турат, өлбөстүк сенин өмүрүңдү ырга салып турат, ал ырдан сенин назик шылдырын күүсү жаңырып турат.
* * *
Чыныгы осуят кийинки муундар аткарган осуят, жалган осуят. Кагазда калып, адам аткарбаган осуят, жок осуят.
* * *
Байлыкты акылмандуулук түзүп турат, акылмандуулук кадимки эле жөнөкөйлүктөн турат.
* * *
Китеп – бул турмуш, турмуш да китеп. Чыныгы турмуш– жазылган китеп. Унутулган окуялар качандыр бир заманда жазылып, адамдар окубай унутулган китеп.
* * *
Уурданып түн жарымында жасалган дабыш шектүү дабыш. Эмгектен жаралган дабыш, бир жаңылык жаратып жаткан дабыш.
* * *
Самаган нерсеңи түшүңдө көрүп, өңүңдө ишке ашса, ал чоң кубанычтын белгиси.
* * *
Күн кечтеп баратат, өмүрүбүз да кечки күн сыяктуу өтүп баратат. Баары өтүп баратат.
* * *
Ыр жазгандар өтө көп болуп жатат, ыр менен даңктуу болом дегендер да, көп болуп жатат, армандуу жагы жүрөктү толкуткан чыныгы акындар аз болуп жатат.
* * *
Ким эгер кыямат-кайым иш жасаса, ага кайра кыяматтык менен жооп берилсе, ал жерде эң жаман кыямат кайым иш болот.
* * *
Жалкоолук бекерчиликти чакырат, бекерчилик жакырчылыкты чакырат.
* * *
Үйдөгү кайгы- капа түз эле эшикке чыгып кетпейт. Ал үй-бүлөнүн жүрөгүн аралап кеткен кара так.
* * *
Эски, өзүмчүл бийлик кетет, жаңы адилет бийлик келет. Демек, жаманчылык кетип, жакшылык келет.
* * *
Күйөөсү жок аял балта менен отун жарат.
Аялы жок эркек казан-аягын калдыратып башкарат.
* * *
Таң агарып жылдыздар суюла баштады, жылдар өтүп кайрат кача баштады. Мезгил денедеги асыл жаштыктын жылдыздарын бир жакка алып кете баштады…
* * *
«Мен иштеп жатам, бош кетпей артыма бир нерсени калтырайын», – деп жатам. Демек, мен жашап жатам.
* * *
Жүрөктөгү сүйүүнү акыл жана көз жаратат. Анын жашоо жолун өзүңөр жана жашоо турмушуңар таразалайт.
* * *
Бирөөнү «сүйөм» деп айтыш өтө оор. Ошол үчүн ага бе-рилгениң өзүңүн адеп-ахылагыңан жана жан-дүйнөңдөн көрүнүп турсун.
* * *
Кызганчаактык бул жаман көрүнүш, ошону бел туткан жаштар көп нерседен кур жалак калат.
* * *
Жакшы түгөйлөр оң кол менен сол кол сыяктуу. Экөө бири-бирин колдоп жүрүп отуруп, бул өмүрдө бактылуу жашоого жолугат.
* * *
Кимди сүйсөң ошого бакыт алып кел, аны ошол үчүн сүйгөнсүң.
* * *
Үйлөнгөн жаштардын жашоосунда кулчулук жана эзүү болсо, ал жерден сүйүү качып, арман башталат.
* * *
Адамдагы асыл нерсе-бул сүйүү. Ал пенденин жашоосуна көрк жана ырахат чачып, жашыл өрөөн мейкиндикти аралатып