Адамдын Асыл ойлору. Кадыр Абакиров
Читать онлайн книгу.жерди карап турган чагы.
* * *
Чындык менен калп бир казанда кайнаса, аны көргөн адам, же калп, же чындык экенин билбей башы маң болот.
* * *
Куштардын сайраган үнүн колуң менен кармай албасың, бирок көңүлүңдө сакталат. Ошол үчүн көңүл тоодой нерсени көтөрүп жүрбөйбү. Адамдын көңүлүндө баардык улуу жакшылык сакталат.
* * *
Эл үчүн күрөшүп өлгөн баатырдын өмүрү санжырага айланып, сонун-сонун жомок сыяктуу башталып, түбөлүк эстен чыкпайт.
* * *
Жалган менен чындыктын бир окшош жери бар. Экөөн тең эле адам жаратат. Бирок аларды эки башка адам жаратып жатпайбы. Ошол жерде жаңылыштыкты жараткан адамда бир шек бар.
* * *
Кудай барбы же жокпу, деп кабатыр болбо! Кудай бар үчүн сен бар, мен бар, баарыбыз барбыз жана жердеги жашообуз бар.
* * *
Адамдын көзү өтүп кете электе ага жолугуп калалы, анын сөзүн угуп, ага кайрат айталы, анын сөзүн башкаларга айта баралы.
* * *
Ай толгон күнү акын бакытка жолугат, анын таланты да, толгон айдай толот. Айды көргөн акын, жаңы талантка жолугат.
* * *
Жалган атак, көп адамдарды жолдон адаштырат, бийлик жоголгон күнү жалган атак да көздөн кайып жоголот.
* * *
Эл башчы элди мыйзам менен башкарат, ошондо эл башчы да элдики, мыйзам да элдики болот.
* * *
Хандын аялы болуш өтө оор болот. Хандын аялы начар ач көз дүйнөкөр болсо, хандан мурун элдин шору. Жакшы болсо, бүткүл элдин энеси болот.
* * *
Бассаң, турсаң ойлонуп жүрүп, адамдар үчүн бир сонун нерсе жаратканың – бул бактылуулугуң. Ал бактылуулук башкаларга бакытты алып келсе, андан бетер бактылуулугуң.
***
Иттер үрүп, жылкылардын дүбүртү угулду. Биз күткөн адамдар келаткан экен. Эмне кабар айтат болду. Көңүл байкуш, кубанарын, же кайгырарын билбей үшүркөп турабыз.
* * *
Акындар айтат:
– Жакшы ыр жүрөктөн жаралат, – деп. Жүрөктү кубанычка бөлөгөн ыр анан каяктан жаралмак эле?
* * *
Адамдардын жүрөгүндө төрт нерсе, болуш керек: Сүйүү, чындык, эмгек. ойлонуу Сүйүү жашоону көркөмдөйт. Эмгек өлбөс өмүргө керек. Чындык ар бир күнгө, келечек жашоого, баарына керек. Ойлонуу болбосо, акылмандык кантип жаралат.
* * *
Ат арабаны сүйрөп баратат. Арабакеч арабаны кайда бурса, араба ошол жакка бурулат. Мезгил биздин өмүрүбүздү ат сыяктуу айдап баратат. Анда биздин арабабыз кайда? Арабакечибиз ким? Кайда баратабыз?
* * *
Бир күнүң, бир күндүк өмүр, кээде бир үзүм өмүрдөн өчпөс болуп эрдик жанат. Ошол эрдиктен өчпөс изиң калат.
* * *
Алыста жүргөн эки адам бири-бирин сагынышты. Демек алардын ортосунда жылдыз жанган жагымдуу күндөр болгон. Жагымдуу убакыттын арасында, жаадыраган жакшылык болгон.
* * *
Өнөр өчпөй турган ыйык нерсе. Ал дайыма жаңыланып турат. Ошол жаңылануусунда бир керемет жаркы жанып турат.
* * *
Балалыгым