Бабалардын баяны 2. Кадыр Абакиров
Читать онлайн книгу.ал баланы,
Ушунчалык аяды.
Кара атка учкашып,
Экөө сапар келатты.
Адыр ашты, бел ашты,
Эчен-эчен жер басты.
Кара тулпар келатты,
Кээде жаят канатын.
Тоону ашат, бел басат
Токтотподу сапарын.
Жол арытып келатып,
Жолукту ага бир бала.
Өңү ушунча чарчаган.
Азыгы да жок калган.
Башынан эмне өткөнүн,
Карачорого кеп салган.
Жээр тамагы жок болуп
Ачка болуп, ток болуп,
Аябай жаны кыйналган.
Үч бала сапар келатты,
Адыр ашты бел басты.
Күркүрөгөн суу кечти,
Ашып өтүп белести.
Үчөө сапар келатса,
Жолукту ага бир бала.
Такыр эле алы жок,
Кан сөлү, дарман жок
Чертип койсо тоголонот.
Таштаса өлүп жок болот.
А береги үч бала,
Ал уланга боору ооруп,
Кошуп алды жанына.
Төрт жолочу биригип,
Бирге чыкты сапарга,
Кара тулпар алдында.
Мына кызык тамаша,
Ошол кезде пайда болду,
А баягы чал кайра.
Жетелеген бир атты,
Балдарга аны карматты.
Капталында, канат бар
Кем эмес кара тулпардан.
Алкынып турат жаныбар.
Эки атты минип алып,
Төрт бала сапар жөнөдү,
Барчу жери алыс жак,
Жонок менен өрдөдү,
Ашып өтүп чоң дөңдү.
Сапар жолду арбытып,
Аттамак чыкты кыядан,
Айланып өтүп аскадан,
Аттарында канат бар
Жол улап келет төрт бала,
Үмүтүм бар төрт гана,
Ачка- токту бүт көрүп,
Арып келет төрт бала.
Кабалаңдуу күндөргө,
Калып келет төрт бала.
Муңдуу чөптүн үстү менен
Булутту көктүн асты менен
Жолочулар келет сапарлап,
Асман менен баратып,
Алды жакты карашса.
Жайнаган боз үй көрүнөт.
Алкынып келип суу агат.
Адыр түзөң кайкыда,
Ар түркүн мал жайылат.
Балдарга жакындап,
Бүркүт учат куш учат.
Алар менен жарышып,
Төртөө кетип баратат.
Алдыда созулган,
Айыл калат агарган
Агын суу калып алкынган.
Өмүр өтүп жаткандай,
Баарысы калат бүт калат.
А балдар сапар токтобой,
Алар кетип баратат.
Айылга жетеер кезде
Кайып ата пайда болду.
Төрт баланы карап туруп,
Жылмыңдап күлүп койду.
– Өз жер жаңы конушка,
Жеттиңерби балдарым.
Өмүрүңөр бар болсо,
Көрөсүңөр баардыгын.
Аттарды кайра бергиле,
Тайгай бийге баргыла,
Не окуя болгонун,
Баарысын айткыла!
Эки атты жетелеп,
Кайып ата жоголду.
Жуумп көздү ачканча
Ошондой иш болду.
Балдар болсо токтобой,
Түзөң менен арылады.
Ары