Токол. Айгүл ШАРШЕН

Читать онлайн книгу.

Токол - Айгүл ШАРШЕН


Скачать книгу
кетти аттиң, – Муунуп-муунуп зорго сүйлөдү, – Мына, инимдин туугандарымдын көзүнчө уулумдан калган жалгызыма баарын бергенимди билишет, азыр короодогу малды толугу менен айдап кет, небереме менден берген мурасым болсун, бул үйдүн документин болсо бердим, – деп оор дем алып алды, – Азимбек, короодогу малды бүт чыгарып бер Жолдошко.

      – Аке, кызды өзүбүз деле багат элек го? – деди Азимбек ичи ачыша, анткени он бештей кой эчки, эки музоолуу уй, бир жылкыны бүт бергин деп мурунураак дагы айтып отурган эле.

      – Жок, таятасында чоңое берсин, – деп унутуп калгандай жаздыгынын алдын сыйпалап дагы бир кагаз алып чыкты, – Мында малды бердим деген акт бар, өз колум менен бүтүрдүм.

      – Аа-ай аке, – деген Азимбек аргасыз агасынын аманатын аткарды, Жолдош малды айдап үйүнө келди.

      – Кызымдын көзү болбогондон кийин бул малынын кимге кереги бар, алып барып бер, – деп Тоту ачууланды, бирок эл деген эл да Сагынбектин акыйкат чечимине ыраазы болуп аны тыйып койду. Тоту кичинекей наристени ичинен жек көрүп колуна албай жүрдү: “Туулбай жатып ата-энесин жуткан шүмшүк десе, кайдан да эрге тийе койду эле”, – деп жээрип туруп алды. Жамийла кайненесинин өзүнө каршы экенин, асылып жатканын ага айткан эмес. Убакыт деген билинбей өтөт эмеспи, ал бат эле өтүп билинбей Жаркынай сегизге чыгып чекилдеген татынакай кыз болуп өсүп бара жатты. Сагынбек болсо эки-үч ай төшөктө жатып көз жумган. Турдуканды сиңдиси ооруканага жаткырып койгон, ал катуу айнып калган, жакын-алысын деле тааныбай күлүп каткырып, өзүнчө сүйлөп жүрө берет. Кырк беш жашында өзүнүн ким экенин билбей адам катарынан чыкты, сиңдиси ыйлап-сыктап врачтарга кайрылып дарылатып жатып акырындап өзүнө келе баштады, кийин үйүнө алып келди эле ар бир бөлмөгө кирип, өзү кармаган буюмдарды көрүп эсине бир нерсе түшкөндөй отура калып эчкирип жиберди:

      – Эже, бир нерсе эсиңе түштүбү? – деди кубанып кеткен Урматкан.

      – Ооба, баарын эстедим, – деп бакырып ыйлап жатты.

      – Капаланбачы эже, андан көрө небереңди көрөсүңбү?

      – Эмне? – деп делдээ карады Турдукан.

      – Тураттын кызын айтат, ал окуп калбадыбы.

      – Ыя, ошончо убакыт өтүп кеттиби, а-а Сагынбек кайда кеткен?

      – Эже-е! – Урматкан эжесин кучактап ыйлап жатты, – Жездемден дагы айрылып калганбыз!

      – Эмне-е…

      – Өзүңдү карма эже, тагдырдын жазганына арга барбы?

      – Жамийла мага кызын көрсөтөбү анан?

      – Эже, ал төрөгөн соң өткөн, ал дагы жок…

      – Менин кесиримден болду баары, неге мен тирүү калдым, мен кудайга жакпаган иш кылдым, кантип ушунча күнөөнү жүктөнүп өмүр сүрөм? – деп ыйлап жатты Турдукан, баары кеч болуп калган эле, адам ката кетирбөө үчүн миң ирээт ойлонуп, кабыргасы менен кеңешип анан иш кылса пенделер күнөөдөн алыс болмок. Бирок учурунда эч кандай ойлонбостон ката кетирип алып кеч болуп калганда өкүнүп калышат, оңдогус кемчиликтин арты адамды өлөр-өлгүчө убайымга салып өтөт. Турдукан өзүнүн каталыгын кеч түшүндү, жалгызынан калган небересинин


Скачать книгу